Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар:
— министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;
-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.
Маалыматка ылайык, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.