Санариптик өнүктүрүү министрлиги табылган документтерди Калкты тейлөө борборуна жана паспорт бөлүмдөрүнө өткөрүп берүүгө чакырды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги табылган документтерди Калкты тейлөө борборуна жана паспорт бөлүмдөрүнө өткөрүп берүүгө чакырды. Мекеме жоголгон документтерди таап алгандар сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап, ээсин табууга жардам сурап кайрылуу адатка айланганын белгиледи.

 

Бирок мында жеке маалыматтар ачыкталып, ээсинин коопсуздугуна доо кетерин эскертти.

 

Ошондой эле паспортун жоготкондор жаңысын алуу үчүн кайрылса, кызматкер алгач “Табылгалар бюросунан” текшерет. Эгер ал жактан чыгып калса ээсинин убактысы жана каражаты үнөмдөлөт.