Чемпиондор лигасынын тайпалык этабында эң кирешелүү командалар аталды

Чемпиондор лигасынын тайпалык этабында эң кирешелүү командалар аталды. AS сайтындагы маалымат боюнча, мадриддик “Реал” – 79,8 миллион евро таап, биринчи орунда.

 

Германиялык “Бавария” клубу 76,5 миллион евро менен экинчиде. “Манчестер Сити” үчилтикти бекитет, ал бул аралыкта 76,4 миллион евро кирешеге ээ болду.

 

Белгилеп кетсек, плей-офф бөлүктүн бардык катышуучулары аныкталды.