Бишкекте балаты базары иштей баштады

Бишкектин Октябрь районунда балаты базары иштей баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, базар шаардын Медеров жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

 

Бул жерден Тянь-Шань карагайын, көк карагай, арча жана башка түрлөрүн арзан баада алууга болот.

 

Базар эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин иштейт.