Сел: Ысык-Көл районунда 500дөй турак үй жабыркады

Ысык-Көл облусундагы селдин кесепетинен Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме, беш эс алуучу жай жабыркап, Балыкчы-Каракол жолунун 97-чакырымын сел каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Учурда сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

 

Эске салсак, 18-августтун кечинде жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айылдарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү.

 

Ысык-Көл жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.