Сентябрдын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет

Сентябрдын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

 

Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча сабак берген мугалимдерге тапшырылат. Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет.

 

Ал эми алдыдагы жылдары республика боюнча 90 миңге жакын мугалимди ноутбук менен камсыздоо пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.