Баткендин Ак-Сай айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда курулушка капсула салынды.
Бала бакча Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.
Объектти ушул күздө пайдаланууга берүү пландалууда.