Швейцариянын Женева шаары быйыл жашоо үчүн эң кымбат калаа деп аталды. Экинчи орунда Цюрих жайгашса, үчүнчү орунду Нью-Йорк, Сан-Франциско жана Бостон шаарлары бөлүшөт.
Ошондой эле эң кымбат калаалар рейтингине Рейкьявик, Вашингтон, Сиэтл, Лос-Анжелес жана Чикаго кирди. Жалпысынан тизмеде 218 шаар бар. Аны түзүүдө азык-түлүк товарларынын, ресторандардын, транспорт жана коммуналдык кызматтардын баасы эске алынды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.