Сузак бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо жеңүүчү 5-октябрга чейин жарыяланат

Сузак бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо жеңүүчү 5-октябрга чейин жарыяланат. Учурда Боршайком мүчөлөрү добуштарды кол менен санап жатат.

 

Эске салсак, аталган аймакта депутатты шайлоо 22-сентябрда өттү. Автоматтык эсептөө боюнча Алтынбек Кылычбаев алдыга чыккан. Жыйынтыктар дал келсе, ал парламентке буга чейин мандатын тапшырган Тазабек Икрамовдун ордуна келет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.