Бүгүн жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого үгүт жүргүзүү иштери башталат.
БШКдан билдиришкендей, агитация 8-апрелде таңкы саат 8де токтотулат. Жалпысынан шайлоого 470 талапкер катталды.
Алар 14 айылдык кеңештеги 254 мандатка ат салышат. Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында 9-апрелде өтөт. Добуш берүү эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары аягына чыккандыктан белгиленди.