Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады

Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады. Автоматтык эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты. Ал добуштардын 48 пайыздан ашыгын алган.

 

Добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат. БШК жеңүүчүнү 5-октябрга чейин жарыялайт.

 

Эске салсак, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов  19-июлда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.