“Түндүк” системасында жаңы мамлекеттик кызматтар пайда болот

“Түндүк” системасында жаңы мамлекеттик кызматтар пайда болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы калкты каттоо департаментинин директору Арсен Минбаев билдирди.

 

Анын айтымында, жарандар паспортту онлайн алса болот. Бул үчүн арыз берип, сүрөткө түшүү керек. Калкты тейлөө борборуна келип, кезек күтүүнүн кереги жок.

 

Бардыгын система жасайт. Ал эми даяр паспорт жарандын үйүнө жөнөтүлөт. Ушундай эле системаны чет элдик паспортту алууда жана жашаган жери боюнча катталууда киргизүү пландалып жатат. Минбаев ишендиргендей, жарандардын жеке маалыматы коопсуз сакталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.