Ташиев менен Ятимов Тажикстанда жолукту

Тажикстандын Согд облусундагы Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

 

Тараптар кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты. Жыйынтыгында атайын өкмөттүк топторго бул тилкелерде тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.

 

Кийинки жолугушуу Кыргызстанда болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.