Садыр Жапаровдун Кытайга сапарында 25тей документке кол коюлду

Садыр Жапаровдун Кытайга сапарында 25тей документке кол коюлду.

 

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анын ичинде Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы сооданы өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча иш-чаралардын планы, айыл чарба багытында кызматташуу, Ысык-Көл облусунда 1 миң мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу бар.

 

Мындан тышкары, Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө эки тараптуу макулдашууга жетишилди.

 

Эске салсак, ушул күндөрү президент мамлекеттик сапар менен Кытайда жүрөт.