Токмокто 920 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу иштеринин алкагында, Токмок шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген, базар баасы 920 млн сомдук бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 1996-жылы Токмок шаарындагы эки кабаттуу бала бакча жалпы аянты 6900,5 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси менен жеке адамдарга мыйзамсыз менчиктештирилген. Азыркы учурда максатсыз пайдаланылып жатканы аныкталган.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, аталган комплекс Токмок шаардык мэриясынын муниципалитетинин балансына бала бакча катары пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилди.

Коопсуздук кызматы учурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

УКМКнын маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери.