Токтогул сактагычына топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 520 миллион метр кубга жетти

Токтогул сактагычына топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 520 миллион метр кубга жетти.  “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, ушул тапта суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына  586 метр куб болсо, андан секундуна 269 метр куб суу агып чыгууда.

 

Энергетика министрлиги быйыл жайкысын да керектөө чектен ашып, сууну иштетүү күч алганын белгилейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.