Энергетикалык компаниялар уруксат берилген кубаттуулукту сактоо боюнча рейддерди жүргүзүүдө

Энергетикалык компаниялар уруксат берилген кубаттуулукту сактоо боюнча рейддерди жүргүзүүдө. Улуттук энерго холдингден билдиришкендей, текшерүүнүн алкагында электр энергиясын белгиленген кубаттуулуктан ашыра колдонгон ишкерлер электркамсыздоодон өчүрүлүп баштады.

 

Калган абоненттер арасында адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Мындай чара жылуулук сезонунан ийгиликтүү чыгуу, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу жана электр энергиясын үнөмдөөгө чакыруу иштерине байланыштуу.