Улуу кытай дубалына чыккан туристтер эми дрондун жардамы менен тамак буйрутма кыла алат

Улуу кытай дубалына чыккан туристтер эми дрондун жардамы менен тамак буйрутма кыла алат. Жергиликтүү курьердик кызмат эс алуучулар эң көп келген тилке Бадалинге тамак жеткирип берүү кызматын ачты. Эми тарыхый архитектуралык объектти көрүүгө келген туристтер курсагы ачып кетсе, ошол жерден эле тамактана алышат.

 

Дрондор буйрутманы 5 мүнөттө жеткирип берет. Андан тышкары, курьерлер дары-дармек жана башка каалаган товарды алып келет. Кызматтын баасы 4 юань, же 50 сомго жетпеген акча.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.