Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн саат 16:14тө Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жеткен. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылынан түштүккө карай 13 чакырым, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым аралыкта катталган.

 

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.