Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 13-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

 

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.