Милиция калкты чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы калкты чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Өзгөчө коомдук транспортто жана базарларда этият болуу керек.

 

Маалыматка ылайык, соңку убакта жеке буюмдарды уурдоо фактылары көп катталууда. Мындан улам, капчык, телефон жана башка баалуу нерселерди сырткы чөнтөккө салбоо сунушталат.