Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жаандан улам келген сел 380 үйдү,  11 дүкөн, беш пансионатты каптады

Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жаандан улам келген сел 380 үйдү,  11 дүкөн, беш пансионатты каптады. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Жеринде селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп, куткаруучулар, атайын техника тартылды.

 

Эске салсак, 18-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.