Нарында жер титиреди

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 2-августта саат 12:01де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.