Жалал-Абадда эки үй-бүлөнү ис уруп, ооруканага түштү

Жалал-Абадда эки үй-бүлө көмүрдүн исине ууланып, ооруканага кайрылышканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 13-ноябрда Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын тургундары, тагыраагы, 7 адамдан турган бир үй-бүлө ис урганын айтып, ооруканага өздөрүнүн автоунаасы менен барып көрүнүшкөн. Балдарынын эң кичүүсү 2 жашта болгон. Саламаттык сактоо министрлиги аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, амбулатордук дарылоого үйүнө жөнөтүлгөнүн тастыкташты.
Ал эми экинчи үй-бүлөнү бүгүн, 14-ноябрда, ис урган. Алар Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургундары. Райондук ооруканага 36 жаштагы эне үч баласы (13, 7 жана 6 жашта) менен жаткырылган. Аксы райондук ооруканасы алардын абалы орто экенин, учурда керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кабарлады.