Ысык-Көлдүн айыл аймактарында лыжа комплекси курулат

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарында лыжа комплекси курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу Балбай айыл аймагынын аймагында жайгашкан жер тилкеси “Запастагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер” категориясына өзгөртүлдү.

 

Өкмөт комплекс качан куруларын тактаган жок.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.