Таш-Көмүр шаарында борбордук стадионду реконструкциялоо башталды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, спорттук жайды оңдоого 18 миллион сомдон ашык жумшалат.
“Шахтер” деп аталган стадион 1963-жылы курулган. Объектти реконструкциялоо 60 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүүдө.
Оңдоп-түзөөдөн кийин анын сыйымдуулугу 1 миң 600 көрүүчүгө жетет.