Таластагы стадионду реконструкциялоо иштери ноябрдын аягына чейин бүтөт

Таласта Эшим Кутманалиев атындагы стадионду реконструкциялоо иштери ноябрдын аягына чейин бүтөт. Бул тууралуу шаар мэри Эрмат Жумаев билдирди.

 

Бүгүнкү күндө трибуналардагы отургучтар алмаштырылып, тепкичтер оңдолууда. Жакында чуркоочу аянтча оңдолот.

 

Белгилеп кетсек, аталган стадион 1989-жылы курулган. Бул жылдар аралыгында объект пландык оңдоодон гана өткөн. Капиталдык реконструкция биринчи жолу жүргүзүлүп жатат.