Ысык-Көлдө пансионаттарга бара турчу жолдор асфальтталууда

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы “Витязь”, “Лазурный берег” пансионаттарына бара турчу жолго асфальт төшөлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, бүгүнкү күндө пландалган 1,7 чакырымдын 300 метрдей аралыгы жасалды.

 

Буга чейин Бостери айылындагы “Жетиген”, “Нур”, “Алтын Кум”, “Толкун” жана “Тулпар” пансионаттарына бара турчу унаа жолго (1,7 чакырым) мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөлгөн.

 

Ошондой эле “Кыргызское Взморье” пансионатынан “Аалам” пансионатына чейинки узундугу 1,2 чакырымды түзгөн унаа жол асфальтталган.

 

Мындан тышкары, Сары-Ой айылындагы “Радуга”, “Жалын”, “Ай-Көл” эс алуу жайларына жете турчу жол (узундугу 1,9 чакырым) жасалып, жумуштар жыйынтыкталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.