Араванда 500гө жакын үй-бүлөгө акысыз көмүр жана азык-түлүк таратылды

Араванда 500гө жакын үй бүлөгө акысыз көмүр жана азык-түлүк таратылды.

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жардам калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү иштеринин алкагында берилүүдө.

Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү тарабынан аз камсыздалгандарга буга чейин да көмөк көрсөтүлгөн.