Ысык-Көлдө жалпы 314 үй сел калдыктарынан тазаланды

Ысык-Көлдө жалпы 314 үйдүн тегерек чети сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Садыр-Аке айыл аймагында ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарынын сел сууларынын кесепеттерин жоюу иштеринин натыйжасында, жалпы 38 турак үй тазаланып, 23-август күнүнө карата жалпы 314 турак үйдүн тегерек чети толугу менен тазаланып бүттү.

 

Ошондой эле Темир, Булан-Сөгөттү, Корумду айылдарындагы сууга муктаж болгон жарандарга 19-23-август күндөрү жалпы 65 тонна таза суу жеткирилип берилди.

Мындан сырткары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 18 турак үйгө дезинфекцияло иштери жүргүзүлдү:

  • Корумду айылында – 6;
  • Кашат айылында – 4;
  • Темир айылында – 8 турак үй.

Эскерте кетсек, 18-августта аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен сел жүргөн.