«Баткен» аэропортун май айынын башында жандантуу пландалууда. Novosti.kgге «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришкендей, учурда оңдоо-калыбына келтирүү иштери дээрлик аяктап калды.
Маалыматка ылайык, «Баткен» аба майданындагы аэродромду оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүргүзүлдү. Буга байланыштуу аталган аэропорт 1-апрелден тарта убактылуу жабылган.
Ал эми каттамдар качан кое берилери азырынча белгисиз.