Кыргызстанда кийинки жылы 23 жаңы оорукана курулат

Кыргызстанда кийинки жылы 23 жаңы оорукана курулат.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, ошондой эле 97 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда.

 

Анын 37си Баткен облусуна жөнөтүлөт. Белгилеп кетсек, Лейлек районунда дагы 230 орундуу оорукананын курулушу башталат деп пландалууда. Иштерди толугу менен Катар кайрымдуулук фонду каржылайт.