Зардалыда жол салуу иштери келерки жылы башталат

Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылында келерки жылы жол салуу иштери башталат. Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда билдиргендей, электр энергиясы менен камсыз кылуу жумуштары да жүргүзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, Баткендеги шарты катаал Зардалы айылына машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот.

 

Жергиликтүү эл айылга негизинен тоонун жээгин бойлоп, кооптуу жол менен жөө каттайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.