Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ведомстводон билдиришкендей, эртең жана бүрсүгүнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.
Синоптиктер Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда? Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаай турганын айтууда.
Өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Бирок мындай аба ырайы көпкө созулбайт. 29-сентябрдан тарта күн кайрадан ачылып, жылуу болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.