Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, силкинүү бүгүн саат 03:36да болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Араван районунун Араван, Көчүбаев, Мангыт, Жаңы-Араван айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.