Кыргызстанда кечээ түнкү саат 9дан өтүп очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, силкинүү Чүй облусунун Кемин районунун Каиңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 баллга жеткен.
Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.