Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 13-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.