Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эки көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Алардын бири Жазы дарыясында, экинчиси Кара-Дарыяда жайгашкан.
Жалпысынан жолдун бардык тилкелеринде 300 адам иштеп жатат. Ошондой эле 92 атайын техника тартылган.