Кербен шаарындагы “Караван” аэропорту августта ишке кирет

Кербен шаарындагы “Караван” аэропорту августта ишке кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аба майдандын модернизациялоосун текшерүү учурунда айтылды.

 

Белгилеп кетсек, аба майданды калыбына келтирүүгө 36 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка аэропорттун учуп-конуу тилкеси узартылды. Учурда соңку калыбына келтирүү иштери жүрүп, майдан августтан тарта учактарды кабыл алып баштайт.