Эртең, 16-февралда Бишкектеги Жеңиш конушундагы турак үйлөрдө, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ичүүчү суу саат 9:00дөн 16:00гө чейин «Жеңиш» суу топтомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Шаардык мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.