Өзгөндө баасы 219 млн сомду түзгөн автобекет мэриянын балансына өттү

«Өзгөн Автобекети» ААКты мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы 29-июлда Өзгөн шаарынын аянты 0,74 га ири инфраструктуралык объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында өзгөчө ири өлчөмдө (1 млн 500 миң сом) пара берүүдө Салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын түштүк регион боюнча бөлүм башчысы К.Н.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Өзгөн автобекети» ААКтын акционерлери тарабынан Өзгөн шаарындагы автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы моюнга алынып, ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Жогоруда аталган жер тилкесинин базар баасы 219 млн 591 миң сомду түзөт.