Садыр Жапаров Татарстанда Владимир Путин менен жолугат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казан шаарында Орусиянын лидери Владимир Путин жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушат.

 

Жапаров 21-февралдан 3-мартка чейин Татарстанда өтө турган “Келечек оюндары” спорт мелдешинин ачылышына дагы катышат.

Кремлдин Украинадагы согушунун фонунда уюштурулган бул иш-чарага КМШга, БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөрдөн, Түштүк-Чыгыш Азиянын, Латын Америкасынын жана Африканын мамлекеттеринен 277 команда катыша турганы кабарланган.

Эл аралык басылмалар дүйнөдөн обочолонуп турган Орусия спортчуларына Париж олимпиадасынын ордуна “Келечек оюндарын” өткөрүп жатканын жазышкан. Маалыматтарга караганда, алгач ирет өтүп жаткан фиджитал-спорт таймаштарын уюштурууга 10 миллион доллар сарпталууда.

Путин бул иш-чарага КМШ мамлекеттеринин лидерлерин чакырган.

20-февралда Жапаров баштаган делегацияны Казандын Габдулла Тукай атындагы эл аралык аэропортунан Татарстандын лидери Рустам Минниханов тосуп алды.