Бишкекте бүгүн саат 16:00дө троллейбустар кайрадан токтотулат

Ордо калаада бүгүн саат 16:00дөн тарта троллейбустар каттамы убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Муниципалитет мындай чектөө ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына байланыштуу киргизилгенин белгиледи.
Троллейбустар качан ишин жандантары тууралуу кийинчерээк айтылат.
Эске салсак, троллейбустар каттамын кечээ да токтотуп, мэрия муну техникалык себептер менен байланыштырган.