Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Төлөбек Абдырахманов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматы Абдырахманов өзү берген арызынын негизинде кызматынан алынганын билдирди.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Догдурбек Чонтоев аталган окуу жайдын ректору болуп дайындалды.

58 жаштагы Чонтоев география илимдеринин доктору, профессор. Кыргызстандын билим берүүсүнүн отличниги.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.