Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо 10-апрелде башталат. Билим берүү министрлиги билдиргендей, ал эки этапта жүргүзүлөт.

 

Биринчисинде туруктуу жашаган жери боюнча 25-июнга чейин, экинчи этапта жашаган жерине карабастан 26-июндан 31-августка чейин.

 

Электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.