Жаңы «Ош базарынын» курулушу келерки жылы аяктайт

Бишкекте жаңы «Ош базарынын» курулушу келерки жылы аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

 

Анын айтымында, учурда базарды куруу кызуу жүрүп жатат.

 

Эске салсак, ордо калаа мэриясы июль айында турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталганын билдирген. Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгинде жайгашары кабарланган.

 

Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.