Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулук жана ысык суу кымбаттады

Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулук жана ысык суу кымбаттады. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти билдирди.

 

Тактап айтканда, калк үчүн бир гигакалория үчүн жылуулуктун тарифи 1 миң 248 сомду түзөт. Ысык суу да кымбаттады. Ар бир категория боюнча баалар тууралуу толук маалыматты Novosti.kg сайтынан тапса болот.

 

Департамент министрлер кабинетинин тарифтер 2025-жылга чейин жыл сайын жогорулатыла турган токтомун эске салды. Өткөн жылы калктын социалдык-экономикалык абалына байланыштуу өзгөрүү болгон эмес.