Жаңы жылдан тартып Москвада мигрантка тейлөө тармагында иштөөгө тыюу салынат

Жаңы жылдан тартып Москва облусунда мигранттарга ишмердүүлүктүн бир катар түрү менен алектенүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу облус бийлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылды.

 

«1-январдан тартып алкоголдук ичимдик жана тамеки сатуу, стационардык эмес соода жайларында көчө тамагын сатуу, социалдык тейлөө тармактарында, ошондой эле спорт, маданият, эс алуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жаатында патент боюнча чет элдик жумуш күчүн тартууга тыюу салуу талабы күчүнө кирет», — деп билдирди мекеме.

 

Москва облусунун өкмөтүнүн төрага орун басары Наталья Маслёнкина мындай чечимдин кабыл алынышына жергиликтүү тургундардан чет элдиктердин ишине байланыштуу түшкөн арыз-даттануулар көбөйгөнү себеп болгонун айтты жана ыктымал чыр-чатактарды азайтуу аракети деп атады. Анын айтымында, келечекте Москва облусу Орусиянын патент менен иштөөгө таптакыр тыюу салган жыйырмадан ашуун аймагынын катарына кошулууну каалайт.

«Агентство» басылмасы эсептеп чыккандай, азыркы тапта Орусиянын аймактарынын үчтөн биринде мигранттардын иштөөсүнө, айрыкча такси айдоосуна ар кандай чектөө киргизилип турат.