Санкт-Петербургдан 400дөн ашык мигрант күчтөп чыгарылат

Россиянын Санкт-Петербург шаарынан миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган 400дөн ашык чет өлкөлүк жаран депортацияланат. Бул тууралуу аталган шаардын сотторунун басма сөз кызматы кабарлады.

 

Соңку аптада Россиянын бир катар шаарларында мигранттарга байланыштуу рейддер күчөп, кармап-камоолор болуп жатат. Соңку беш күндүн ичинде Петербургдагы соттордо миграциялык мыйзамдарды бузууга байланыштуу 600дөй иш каралган.

 

“Фонтанка” сайты анын негизинде 418 адам андан ары депортациялоо үчүн чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармалган жайга киргизилгенин жазды.

Буга чейин “Важные истории” сайты Москвада акыркы аптада сотторго миграциялык мыйзам бузуулардан улам 1,5 миңге чукул иш түшкөнүн билдирген.

Орусияда мигранттарды текшерүү, басым-кысым Москвадагы теракттан кийин күчөгөн жана укук коргоо органдары атайын операцияларды өткөрүп жатат.

22-мартта Москвадагы концерттик залда камуфляж кийген төрт кылмышкер туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Анда 144 адам мерт болуп, дагы 551 киши жараат алды.

 

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши “терактты ишке ашырууга” шек саналып эки айга камалган.

Андан сырткары «кол салууга байланышы бар» деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминчон жана Диловар менен камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды.