Быйыл 2 миңден ашык кыргызстандык Улуу Британияга иштөөгө бара алат

Быйыл 2 миңден ашык кыргызстандык Улуу Британияга иштөөгө бара алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен британдык дипломатиялык өкүлчүлүк ортосундагы макулдашуу кабыл алынды.

 

Учурда Бишкекте жана Ошто аталган өлкөгө айыл-чарба иштерине барууга талапкерлерди тандоо жүрүүдө. Келишимдин мөөнөтү – жарым жыл, акысы – саатына 10 фунт стерлинг, же 1 миң сом.